Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

“Бүтүн Кыргызстан” шайлоо бекеттеринин кыскарышына нааразы


Бүгүн “Бүтүн Кыргызстан” партиясы чет өлкөлөрдөгү шайлоо бекеттеринин 44төн 29га чейин, анын ичинде Орусияда 18ден 3кө чейин кыскарганын сынга алып, билдирүү таратты. Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын мындай чечими өлкө аймагынан сыртта жүргөн Кыргызстандын миндеген жарандарынын шайлоого катышуу укугунан ажыратары айтылган. Мындан тышкары чет өлкөлөрдө дипломатиялык өкүлчүлүктөр менен консулдуктарда гана добуш берүү талабы да сынга алынган. Андыктан партия БШК Конституциялык мыйзамдын негизинде жарандардын пайдасын ойлошу керектигин билдирүүдө.

Жаңы кабыл алынган “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, чет өлкөдөгү кыргыз атуулдары элчилик менен консулдуктарда гана, алдын ала каттоодон өткөндөн кийин добуш бере алат. Мурдагыдай кыргыз жарандары жыш жашаган шаарларга шайлоо бекеттери ачылбайт. Натыйжада алардын саны кыскарат.

БШК мүчөлөрү бул жобо мыйзамга киргизилгенин, алар мыйзамдын чегинде гана иштеп жатышканын буга чейин билдиришкен. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары чет өлкөлөрдө ар кайсы шаарларда шайлоо бекеттерин ачуу менен буга чейин мыйзам бузуулар катталганын, мындай алешемдиктерди болтурбоо үчүн жаңы мыйзамга бул эрежелер киргенин ачыкташкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG