Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Пакистан полициясы америкалык жарандын уурдалышын иликтөөдө


Пакистан полициясы америкалык жарандын уурдалышына байланыштуу бир нече киши кармалганын маалымдады. Аны кечээ таңга маал Лахордогу үйүнөн белгисиз адамдар уурдап кетишкен. АКШ элчилиги 60 жаштагы Уоррен Уайнстайн аттуу жаран Пакистандын алыскы аймактарын өнүктүрүү долбоорунда иштечү деп билдирген. Лахор полициясынын башчысы Ахмед Реза Тахирдин айтымында, суракка алынгандардын арасында имаратты кайтарган кишилер да бар. Азырынча кылмыш үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG