Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын соту болот


Эгер Мубарактын быйыл февралда өкмөткө каршы көтөрүлгөн элге каршы ок атканды буйруганы тастыкталса, өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал коррупцияга аралашты деп да айыпталууда. Ай башынан бери ооруканада жаткан Мубарак бардык айыптоолорду негизсиз деп жокко чыгарууда. Мубарактын уулдары Алаа жана Гамал да жемсөөлүк кылды деп күнөөлөнүүдө. Алар да өздөрүн акпыз дешүүдө. Өкмөткө каршы козголоң кезинде 850дөй адамдын каны төгүлгөн, 6 миңден ашуун адам жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG