Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

“Сотторду тазалоо” кыймылы митингге чыкты


Бишкектеги Ак үй алдына “Сотторду тазалоо” кыймылынын мүчөлөрү нааразылыкка чыгышып, Жогорку Сот менен Конституциялык палатага тандалган судьяларды бекитпөөнү жана алардын талапкерлигин кайра карап чыгууну талап кылышууда. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден билдиргендей, чогулгандар талаптары аткарылбаса, өлкө боюнча мөөнөтсүз митингге чыга турганын эскертишүүдө. “Сотторду тазалоо” кыймылы судьялар туура эмес тандалганын жүйө кармашууда.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Сотторду тандоо кеңеши жакында тандаган Жогорку Сот менен Конституциялык палатанын судьяларын тандалышын талкууга алмак.

Сотторду тандоо кеңеши август айынын башында Жогорку Соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын тандап чыккан. Жогорку Соттун алты орунуна кайра сынак болоору кабарланган. Өз кезегинде Сотторду тандоо кеңеши судьялар туура тандалганын, сынак учурунда алешемдиктер болбогонун буга чейин билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG