Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:41

Калыевди колдогон 61 депутаттын 15и оюн өзгөрттү


Мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевди үй камагына бошотуу өтүнүчүн билдирген 61 депутаттын 15и оюн кайра кайтарып алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков митингге чыккан адамдар менен жолугушуу учурунда билдирди.

Былтыркы 7-апрель окуяларына күнөөлүү деп шектелип, сот жообуна тартылган мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыев ден соолугуна байланыштуу жакында үй камагына бошотулган. Аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн жактоочусу менен Жогорку Кеңештин 61 депутат билдирип чыккан.

Бул жагдайга апрель окуяларынын жабырлануучулары нааразы болушуп, бүгүн митинг уюштуруп жатышат. (KKs)

XS
SM
MD
LG