Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Президент Жогорку Кеңешке үч судьяны гана сунуштады


Президент Роза Отунбаева Конституциялык палатага Эмил Оскөмбаев, Клара Сооронкулова жана Таштемир Чилдебаевдин гана талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу парламенттин жыйынында төрага Ахматбек Келдибеков билдирди. Анын айтымында, палатанын калган судьялары жана Жогорку Соттун судьялыгына талапкерлер сунушталган жок. Бүгүн парламент судьяларды шайлоо маселесин карашы керек эле. Судьялар толук сунушталбагандыктан айрым депутаттар кезексиз жыйынды жылдыруу демилгесин көтөрүштү.

Мыйзамга ылайык, судьяларды Сотторду тандоо кеңеши тандайт. Алар тандаган судьяларды президент Роза Отунбаева карап чыгып, андан соң гана Жогорку Кеңешке сунуштайт. Президент сунуштаган талапкерлерин Жогорку Кеңеш же шайлайт, же шайлабайт.

Сотторду тандоо кенешинин 24 кишиден турган курамын Жогорку Кеңеш 8-июлдагы кезексиз жыйынында бекиткен. Жакында бул кеңеш Жогорку Соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын кайра тандап чыккан. Жогорку Соттун 6 оруну үчүн жаңы талапкерлер сунушталары айтылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG