Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Инкассаторду карактагандар кармалды


Мындан беш күн мурда “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына таандык акча ташыган машинаны карактап, 10 миллион сомдон ашык акчаны алып кеткендер кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Рахматилло Ахмедов билдирди. Маалыматка ылайык, милициялар машинаны карактаган эки адамдын жашырынып жаткан жерин тапкандан кийин кылмышты жасады делгендер өздөрү багынып бергенге аргасыз болушкан.

10-августта “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасына тиешелүү инкассатор Аламүдүн райондук почтасына акча жеткирүүгө баратканда ал машинанын эки күзөтчүсү тарабынан каракталган. Карактоо учурунда айдоочунун бутуна ок жаңылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG