Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Президент судьялар менен аңгемелешүүнү улантат


Президент 19-августка чейин Жогорку Сот менен Конституциялык палатага сунушталган судьялар менен аңгемелешүүнү улантат. Бул тууралуу президент Роза Отунбаева бүгүн “Биринчи радиого” курган маегинде айтканын президенттин басма сөз кызматы билдирди. Анда Отунбаева өткөн ишемби, жекшемби күндөрү судьялардын айрымдары менен маектешип көргөнүн, талапкерлердин бардыгын карап чыгууга он жумушчу күн берилгенин эске салды:

“Татыктуу талапкерлерди тандоо боюнча менин алдымда чоң милдет турат. Тилекке каршы, 13-14-августта өткөрүлгөн аңгемелешүүлөр айрым талапкерлердин компетенттүүлүгүнүн деңгээли Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьясынын деңгээлине ылайык эмес экендигин көрсөттү. Анын ичинде соттордун функцияларына жана милдеттерине байланышкан жөнөкөй эле суроолорго жооп бере албагандары да болду”, - деди Р.Отунбаева

Президент карап жаткан Жогорку Соттун 29, Конституциялык палатанын 11 судьясын Сотторду тандоо кеңеши августтун башында тандап чыккан. Бул судьялардын ишке ылайыктуулугун президент териштиргенден кийин гана талапкерлер Жогорку Кеңешке шайлоо үчүн сунушталат. Азырынча президент Конституциялык палатага гана үч судьянын талапкерлигин көрсөттү. Жогорку Сотко президент тарабынан бир да судья сунуштала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG