Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Мубарактын соту 5-сентябрда уланат


Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарактын үстүнөн сот процесси 5-сентябрга которулду. Мындай чечим кабыл алган судья ошондой эле сот отурумун түз ободо көргөзүүгө тыюу салды.

Эмки сот мурдагы ички иштер министри Хабиб эл-Адлиники менен чогуу өтмөкчү. 83 жаштагы Мубарак жыл башында анын режимине каршы көтөрүлгөн демонстранттарга ок атуу буйругун берген деп айыпталууда. Ал айыптоолорду четке кагууда.

Саламаттыгына байланыштуу экс-президент бүгүн сот залына керебетте жеткирилди. Аны менен кошо коррупция үчүн күнөөлөнүп жаткан эки уулу соттолууда. Мубарактын жактоочулары менен каршылаштары сот залынын сыртына чогулуп, имаратты жүздөгөн аскерлер кайтарып турушту.

Февралдагы өкмөткө каршы чыгууларда 850дөй киши набыт кетип, 6 миңдейи жарадар болгон. Мубарактын күнөөсү далилденсе, өлүм жазасына өкмү кылынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG