Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Данияда күрт тилдүү каналдын иши сотто каралууда


Копенгагенде күрт тилдүү телестанцияга каршы сот башталды. Даниянын телерадиоугуулар мекемесинин лицензиясы менен иштеген станция террордук топту рекламалоодо деп айыпталууда.

Прокурордун ырастоосунда, Roj-TV Күрттөрдүн жумушчу партиясын – ПККны даңазалоодо. Уюм АКШ жана Түркия тарабынан террордук топтордун тизмесине киргизилген.

ПККнын козголоңчулары Түркиянын түштүгүндө автономия үчүн компания жүргүзүп келатат. 1984-жылдан бери жаңжалда он миңдеген киши набыт кетти.

Станциянын адвокаттары телеканал уюмду рекламалоодо деген кинени четке кагышууда. Прокурор каналдын лицензиясын алып, айып пулга жыгууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG