Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Атамбаев: Пенсия дагы көбөйөт

Пенсионерлердин акчасын дагы көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн издөөнү өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Социалдык фонддун төрагасы Мухаметкалый Абулгазиевге тапшырды. Премьер-министр бул үчүн тиешелүү мыйзам долбоорлорун даярдоого бир апта убакыт берди. Соцфонд төрагасы өз кезегинде буга чейинки көбөйтүүлөрдөн кийин орточо пенсиянын орточо өлчөмү 3 110 сомду түзгөнүн өкмөт башчыга кабарлады деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

Бүгүнкү күнү 1 кап ундун баасы бир жарым миң сомдун тегерегинде, ал эми 1 кг кумшекер 70 сом турат. (ZKo)
XS
SM
MD
LG