Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

Президенттикке талапкерлерди каттоо 25-сентябрда аяктайт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Кечээ талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктап, президенттикке катышам деп арыз бергендердин саны 83тү түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясына арыз бергендер талапкер катары катталып, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн жеке шайлоо фонддорун түзүүлөрү керек. Бул фонддун көлөмү 50 млн. сомдон ашпоого тийиш. Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине 100 миң сом күрөө төгүп, 30 миңден кем эмес шайлоочулардын колтамгасын чогултушу зарыл. Ошондой эле мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүшү керек.

Кыргызстандын президенти 6 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам эки жолу президент болуп шайлана албайт. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Президенттик шайлоо 2011-жылдын 30-октябрына дайындалган. (KKs)

XS
SM
MD
LG