Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

АКШ Израилдин турак-жай саясатын сындады


Израил бийликтеринин Батыш Иордандагы жөөт конуштарында турак-үй курууга уруксат берүүсүн Кошмо Штаттар сындады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланддын билдиришинче, жаңы турак-жай куруу палестиндер менен тынчтык сүйлөшүүсүн жандандыруу аракетине каршы келет.

Израилдин коргоо министри Эхуд Барак кечээ күнү Ариэл конушунда 277 жаңы үй курганга уруксат бергени ырасмий жарыяланган. Натыйжада акыркы эки аптада Израил өкмөтү Батыш Иорданда курууга уруксат берген үйлөрдүн саны 2700дөн ашып кетти.

Палестиндер Батыш Иордандагы жөөт конуштарын кеңейтүү биротоло токтотулса гана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандырууга макул.

XS
SM
MD
LG