Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:06

Бабанов: Кара май аткезчилиги токтобой жатат


Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, анда күйүүчү майлардын Кыргызстандын Баткен облусунан Тажикстанга мыйзамсыз ташылышын токтотуу үчүн кескин чараларды көрүүгө чакырды. Анын айтымында, өкмөт бир нече жолу тапшырма бергенине карабастан чек арада май аткезчилиги токтобой жатат:

“13-августта Лейлек районунун Кайрагач чек ара бекетинде колго түшүрүлгөн контрабанда бул багытта тийиштүү органдар иш жүргүзбөй жатканын көрсөтөт. Мындан улам он күн аралыгында кара май аткезчилигиндеги абалды иликтөө керек. Болбосо, күч структураларынын айрым жетекчилери кызматтан алынышы мүмкүн”,-деди Бабанов

Буга чейин кыргыз өкмөтү кара май тартыштыгын алдын алуу үчүн Кыргызстандан коңшу өлкөлөргө күйүүчү май ташууга тыюу салган. (KKs)

XS
SM
MD
LG