Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Эркебаев коогалаңга байланыштуу чуулгандуу факттарды ачыктайт


Июнь коогалаңы боюнча түзүлгөн Улуттук комиссиянын төрагасы Абдыганы Эркебаев орозо айы бүткөндөн кийин былтыркы кандуу кагылышуу боюнча чуулгандуу фактыларды ачыктай турганын маалымат жыйынында билдирди.

“Сентябрда былтыркы июнь окуялары боюнча Жогорку Кеңеште айтылбай калган фактыларды ачыктайм. Азыр бул боюнча материалдарды даярдап жатам. Бул айрым адамдарга жакпай турганын билем, бирок айтылгандар өлкөнү туруксуздукка алып келбейт жана көп жагдайларды ачыктайт”, – деди Эркебаев.

Июнь коогалаңын иликтөө боюнча Улуттук комиссия президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен түзүлгөн. Комиссия өз тыянагында былтыркы кандуу коогалаңдын келип чыгыш себебин өзбек экстремисттик топтору менен байланыштырган. Мындан тышкары комиссия күч структураларынын айрым жетекчилеринин жоопкерчилигине баа берүүнү сунуштап, Убактылуу өкмөттү "этностор аралык кагылышты алдын алган эмес" деп айыптаган. (EK)

XS
SM
MD
LG