Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Талапкерлердин тил билүүсүн текшерген сынак шарты аныкталды


Мамлекеттик тилди билүүсүн текшерчү сынактын шарты боюнча президенттикке талапкерлер дил баян жазып, оозеки тесттен өтүп, сунушталган китептен үзүндү окуп беришет. Бул тууралуу БШКнын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Жазуу сынагында талапкерлер өздөрүнүн шайлоо программалары тууралуу жазышы шарт. Талапкерлер мында бештен ашык ката кетирсе, мараадан четтетилет.

Оозеки сынакта талапкерлердин учкул сөздөр, макал-лакаптарды колдонуусу упай берет.

Талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн текшерген комиссиянын 12 мүчөсү чүчү кулак аркылуу сынакта төрагалык кылат. (EK)

XS
SM
MD
LG