АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (ЮСАИД) Ысык-Атадагы “Келечек” балдар үйүн оңдоого жардам берди. Бул балдар үйүнүн полу чирип, каалга-терезелери жедеп эскирип бүткөн эле. АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалымдашынча, бул иш-чаралар “Жаңылануу” деп аталган долбоордун бир бөлүгү болуп саналат жана анын алкагында Чүй менен Ысык-Көл облусундагы дагы төрт мектепти жаңыртуу каралып жатат.
Бүгүн жаңы оңдолгон “Келечек” балдар үйүнө АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен барат. (EBM)
Бүгүн жаңы оңдолгон “Келечек” балдар үйүнө АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен барат. (EBM)