Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Сириядагы кырдаал БУУну тынчсыздандырууда


Бириккен Улуттар уюму кырдаалга байланыштуу Сириядан кызматкерлеринин 26сын үй-бүлөсү менен чыгарып кетти. Бул жөнүндө БУУнун Ливандагы атайын координатору Майкл Вилямс билдирди.

Сирияда беш айдан бери президент Башар Ассаддын бийлигине каршы нааразылык акциялары өтүүдө. Вилямс ошондой эле Сириянын Латакия шаарында аскерлердин кол салуусунан 36 жаран өлгөнүнө терең тынчсыздануусун да билдирди. Активисттер менен күбөлөрдүн айтышынча, аскерлер Латакия жана Дамаскиде ондогон адамдарды камакка алган.

XS
SM
MD
LG