Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Белгияда катуу бороон үч кишинин жанын алды


Белгиянын түндүгүндөгү Хасселт шаарында катуу бороондон музыкалык фестивалдын үч катышуучусу өлдү, жети киши оор жарадар болду. Өрт өчүргүчтөрдүн айтышынча, шамал фестиваль өтүп жаткан эки концерттик сахнаны кыйратып кеткен. Чатырлар жана жарык берчү жабдуулар, килейген телеэкрандар зыян тарткан. Дарактар тамыры менен коңторулуп калган.

Брюсселден чыгышындагы шаардагы фестивалга 60 миңден ашуун адам чогулган эле. Фестивал убактылуу токтотулганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG