Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:46

Косовону Бенин күнкорсуз өлкө деп тааныды


Косовонун күнкорсуздугун Батыш Африкадагы Бенин мамлекети тааныды. Мунун менен Косовону күнкорсуз өлкө деп тааныган мамлекеттердин саны 80ге жетти. Бул жөнүндө Бениндин президентинен ырасмий түрдө кат алганын Африкада сапарда жүргөн Косовонун вице-премьер-министри Бехжет Паколлини билдирди. Ушул аптада Косовонун эгемендигин Нигерия менен Гвинея ырасмий тааныган.

Косово 2008-жылы Сербиядан өзүн күнкорсуз деп жарыялап, Белграддын амирине баш ийбей калган.

XS
SM
MD
LG