Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

БШК Конституцияны өзгөртүүнү каалаган топту каттады


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү отурумунда Конституцияны өзгөртөбүз деген демилгечи топтун арызын карап, аларды каттоодон өткөрдү. Отурумда белгилүү болгондой, бул топ алтымыш адамдан турат. Бирок алар Баш мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөнү, бул демилгечи топту ким жетектегени азырынча ачыкталган жок.

Мыйзам боюнча, Конституцияга толуктоолорду киргизип, же өзгөртүүнү каалаган топ референдум өткөрүү үчүн 300 миң адамдын колун чогултушу керек.

Кыргызстандын азыркы Баш мыйзамы былтыр 27-июнда кабыл алынган. Андан бери бир катар демилгечи топтор жана саясатчылар бул мыйзамды өзгөртөбүз деген пикирлерин билдиришкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG