Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

“Прогресс”: Административдик ресурс колдонулууда


Бүгүн “Прогресс” кору президенттик шайлоо катышуу ниетин билдирген, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев административдик ресурстарды колдонуп жатканын билдирип, БШКдан бул багытта чара көрүүнү талап кылууда. Кордун жетекчиси Адил Турдукулов “Азаттыкка” билдиргендей, ал мындай өтүнүчү менен Боршайком төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго кат жолдоду. “Прогресс” кору айрым мамлекеттик маалымат каражаттары Атамбаев үчүн кыйыр түрдө үгүт жүргүзүп жатканын айтууда.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев буга чейин административдик ресурстарды колдонбой турганын, президенттик шайлоо бир жарым ай калганда кызматын өткөрүп берерин ачыктаган. Мындан тышкары президент Роза Отунбаева да Оштогу иш сапары маалында административдик ресурстар колдонулбайт деген үмүтүн билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG