Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:05

Президент судьялардын талапкерлигин карап бүттү


Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 19-августта мамлекет башчы Роза Отунбаева Жогорку Соттун курамына сунушталган 29 талапкерди карап чыкты. Президент аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча колдоого алган талапкерлер Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлмөкчү. Бир катар талапкерлерди президент өз чечими менен Сотторду тандоо кеңешине кайтармакчы.

Буга чейин президент Конституциялык палатага сунушталган 11 судьяны сынактан өткөрүп, алардын ичинен үч гана талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштаган. Калган сегизи Сотторду тандоо кеңешине кайра кайтарылган. Апта башындагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында президент сунуштаган үч талапкердин экөө гана Жогорку Кеңештин элегинен өткөн. (KKs)

XS
SM
MD
LG