Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Ош мэриясы түнкү клубдарга эскертүү берди


Ош шаардык мэриясы жергиликтүү тургундардан түшкөн даттануулардын негизинде айрым түнкү клубдарга эскертүү берип, түнкү саат 11ден кийин музыканын үнүн азайтууну тапшырды. Буга чейин Оштун бир катар тургундары мэрияга арыз, дооматтарын айтышып, түнү менен иштеген клуб, кафе, ресторандар тынчтык бербей жатканын кабарлашкан. Мындан улам мэрия өкүлдөрү арыз түшкөн аймактарды кыдырып, коюлган талаптар аткарылбаса түнкү клубдарга административдик чаралар колдонулушу мүмкүндүгүн белгилешти. (KKs)

XS
SM
MD
LG