Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

22-августта айрым жерлерде өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 22-августта Кыргызстандын айрым жерлеринде түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 14 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33, Баткен аймагында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27, Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 8…13 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 21 градусту түзүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG