Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Би-Би-Си кабарчысы Тажикстанда кыйноого туш болгону айтылууда


Кабарчынын адвокаты камакта Урунбой Усмонов уруп-сабалып, денесине чылым басып өчүрүшкөнүн билдирди. Файзиниссо Вохидова бүгүн Дүйшөмбү калаасындагы сотто билдирүү жасады. Адвокаттын айтымында, тыйуу салынган Хизб-ут Тахрир партиясы менен байланышы бар деп айыпталган Усмонов кыйноо тууралуу буга чейин коркконунан айткан эмес. Тажикстандын коопсуздук күчтөрүнөн дароо жооп алууга мүмкүн болгон жок. Би-Би-Синин айтымында, Усмоновго коюлган айыптар негизсиз жана ал хизбуттахрирчилер менен кесибине байланыштуу гана жолуккан болушу мүмкүн. Усмоновдун үстүнөн сот иши өткөн аптада башталып, АКШнын, Европа Биримдигинин жана башка өлкөлөрдүн сынына кабылды.

XS
SM
MD
LG