Женевада чукул жыйынды ачып жатып, Бириккен Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай “Өкмөткө каршы демонстрациялар мартта башталгандан бери 2200 адам өлгөнүн” айтты. Региондогу 24 өлкөнү бириктирген кеңештин - анын ичинде Кувейт, Иордания жана Сауд Арапастандын - суранычы менен өтүп жаткан жыйын бүгүн аякташы керек. Анын натыйжасында Сириядагы зомбулукту иликтөөнү талап кылган резолюциянын долбоору кабыл алынышы мүмкүн. Өлкөнүн президенти Башар ал-Ассад Сириядагы окуяларга сырттан кийлигишүү болушуна жол бербей турганын эскерткен.