Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

“Абайлагыла, балдар!» акциясы башталды


Мамлекеттик жол коопсуздугу башкармалыгы тарабынан жаңы окуу жылынын ачылышына карай “Абайлагыла, балдар!» деп аталган бир айлык акция башталды. Иш-чара жалпы Кыргызстан аймагында өтөт, бул аралыкта мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан унаа көп жүргөн жолдордогу түрдүү белгилерди жаңыртып, жолчырактарды оңдоо иштерин жүргүзүшөт. Мындан тышкары жайкы эс алуудан кайткан мектеп окуучуларына жолдо жүрүү эрежелери үйрөтүлөт. Ошондой эле бардык айдоочуларга жол коопсуздугун так сактоо эскертилген. “Абайлагыла, балдар!» акциясы 20-августтан 20-сентябрга чейин созулат.

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 55 бала каза таап, 580 наристе жарадар болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG