Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Апрель окуясы боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берүүдө


Кечээ болгон сот жараянында мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери, УКМК алдындагы 9-бөлүмдүн офицерлери 7-апрель окуясы боюнча күбө катары көрсөтмө берди. Алардын көпчүлүгү өздөрүнө жогору жактан элге ок атуу тууралуу буйрук болбогонун айтышты. Аталган бөлүмдүн кызматкери Рахатбек Табалдиев ок атуучу куралдар ошол күнү Ак үйдүн алдына келген адамдарда болгонун, ок атууну митингчилер биринчи баштаганын айтты. Анын сөзүн «Арстан» деп аталган мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкери Нурлан Ибраев да тастыктап, 2010-жылдын 7-апрелинде Өкмөт үйүнүн алдында митинг болбогонун, туш тараптан каптап келген эл Ак үйгө кирүүгө аракет кылышканын, ошого карабай Өкмөт үйүн кайтарууга алган күч кызматкерлери аларга каршы курал колдонбогонун билдирди.

2010-жылдын 6-апрель күнү бийлик бир катар оппозиционерлерди камакка алган, 7-апрель күнү «Форум» ишканасынын жанына бийликтин аракетине нааразылык билдирип митингге чыккан элге атайын даярдыктан өткөн күч кызматкерлери жиберилген.

2010-жылы 7-апрелде Өкмөт үйүнүн алдында 80ден ашуун киши өлүп, 300дөн ашууну жарадар болгон. Бул окуя боюнча 28 адамга «элге ок аткан, ок атууга буйрук берген» деген айып тагылып, сот иши өткөн күздө башталган. Апрель окуясы боюнча күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсү бүгүн да уланат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG