Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Каддафи резиденциядан качканын "тактикалык аракет" деди


Ливияда козголоңчулар лидер Муаммар Каддафинин Триполидеги резиденциясын басып алышты. Бирок Каддафи өзү каерде экени тууралуу дале маалымат айтыла элек. Анын расмий өкүлү “Ал-Ороуба” телеканалына сүйлөп жатып, “Каддафи козголоңчуларга бир нече ай, керек болсо жылдар бою каршылык көрсөткөнгө даяр” экенин, лидер өзү резиденциядан качып кеткенин "тактикалык жол" деп атаганын айтты. Оппозициянын Өткөөл кеңешинин аскерий жетекчиси Ахмед Омар Бани “Ал-Жазира” телеканалына сүйлөп жатып:

"Азыр Баб ал-Азизия резиденциясы толугу менен биздин көзөмөлдө, - деди ал. - Бүтүн Триполи биздин көзөмөлгө өттү. Триполинин “Абу Слим” деген районунда бир аз каршылык көрсөткөн атышуулар болду, бирок азыр каршылык жок".

Ал арада Муаммар Каддафинин күчтөрү Триполинин четиндеги Ажелат шаарчасын ракета жана танкалар менен аткалып жатышканын да “Ал-Ороуба” каналы кабарлады. Козголоңчулар Ливиядагы негизги мунай экспорттоочу шаарлардын бири деп эсептелген Рас-Лануфту да ээлешкени айтылууда. Өлкөдөгү кырдаал тууралуу карама-каршы жаңылыктар түшүп жатат. Азырынча оппозициянын Өткөөл кеңешин Ливиянын мыйзамдуу бийлиги катары 30 ашуун мамлекет тааныды. Кечээ алардын катарына Иран, Марокко, Бахрейн жана Нигерия кошулган.

XS
SM
MD
LG