Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Ичтенберди алтын кенинде иш токтоп турат


Бул тууралуу аталган алтын кенин казып жаткан Full Gold Mining компаниясы маалымдады. Маалыматка ылайык Ичтенберди кенинен алтын цианидди колдонуусуз казылат. Өткөн жумада кен жайгашкан Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургундары компания цианид иштетип жатат, мындан жергиликтүү элге зыян тийип жатат деген жүйөө менен кенге кеткен жолду буушкан болчу. Кен казуучу компаниянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү комбинатта иш токтоп, 500 ашуун жумушчу акысыз өргүүгө жиберилген. Алар буга чейин айына 10 миң сомдон 100 миң сомго чейин алып келишкен, кенди иштетип жаткан Full Gold Mining ишканасы 2008-жылдан бери Кыргызстанга 96 млн. доллардан ашуун инвестиция салган деп айтылат маалыматта.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, Ичтенберди кенинде 20 тонна алтын, 70 тонна жез бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG