Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Стросс Канга тагылган айыптарды сот алып салды

Эл аралык валюта корунун мурдагы башчысы Доминик Стросс Канды “Нью-Йорктогу мейманкалардын бирин тазалаган аялды зордуктаган” деп күнөөлөп жатышкан. Буга чейин прокурор мейманкананы жыйнаган аял Нафиссату Диаллонун көргөзмөсүндө карама-каршылыктар бар экенин айтып, сотко айыпты алып салуу суранычы менен кайрылган эле. Эми Стросс-Кандын иши жарандык иштер боюнча сотто каралмакчы. Эл аралык валюта корунун мурдагы жетекчиси быйыл майда кармалган. Бир нече күндөн кийин кызматынан кеткен. Бул секс-жаңжал Стросс-Кан Франциянын президенттигине келерки жылы ат салышышына мүмкүнчүлүкүтү дээрлик жокко чыгарды.
XS
SM
MD
LG