Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Шашылыш эскертүү: Сел жүрөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча агенттигинин болжолдоосуна ылайык, 25-августтан 1-сентябрга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү күтүлөт.

Министрликтин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, буга байланыштуу кырсыктын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу максатында премьер-министр, Кыргызстандын жарандык коргоонун башчысы Алмазбек Атамбаев атайын буйрук чыгарды.

Ал буйрукка ылайык, тийиштүү органдарга сел коркунучу тууралуу калкты кабардар кылуу, сел агымына туш келген аймактардагы калкты зарыл болгон учурда коопсуз аймакка көчүрүү, өзгөчө кырдаалга даярдык көрүү, медициналык жардамды уюштуруу тапшырмасы берилди. (KKs)

XS
SM
MD
LG