Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Орусияда Политковскаянын өлүмү боюнча тергөөдө буюртмачы тууралуу маалымат бар


Орусиянын тергөө комитети 2006-жылы буюртма менен өлтүрүлгөн журналист Анна Политковскаянын ишин иликтөө учурунда буюртмачы деп болжолдонгон маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Владимир Маркин маалымдады. Анын айтымында, маалыматты ачыктоого али эртелик кылат. Бир күн мурда журналистти өлтүрүүнү уюштурууга шектүү делинип, эс алуудагы милициянын полковниги Дмитрий Павлюченко кармалганы маалым болгон. Тартип коргоо кызматынын маалыматына ылайык, буюртманы аткаруучулар анын таанышы, бир тууган Махмудовдор болгон.

XS
SM
MD
LG