Негизги атышуулар лидер Муаммар Каддафинин Триполидеги резиденциясынын айланасында болуп жатат. Резиденцияны шейшембиде козголоңчулар ээлеп алышкан болчу. Ал арада Триполиде Каддафинин жактоочулары курчоого алган мейманканадан 30 жакын чет-өлкөлүк журналист бошотулду. Италиялык төрт журналистти уурдап кетишкени, эки француз журналисти жаракат алганы да маалым болду.
Каддафи өзү каерде экени белгисиз. Жергиликтүү каналдардын биринде анын аудио-кайрылуусун уктурушту. Анда Каддафи өлгүчө же жеңишке жеткиче күрөшө берээрин айткан. Ливиянын оппозициясынын Улуттук өткөөл кеңеши кимде-ким Каддафини өлтүрсө, анын башы үчүн 1 млн. 300 миң доллар сыйлык алаарын жарыялады.
Улуттук Өткөөл кеңеши болсо өлкөдө элге айлык-акы төлөп, зарыл болгон социалдык кызматтарды иштетип туруш үчүн Ливиянын дүйнөдө тоңдурулган банк кутучаларынан 5 млрд.доллар бөлүп берүүнү суранып жатат.