Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

НАТО Ливияда Каддафини издегенге жардам берип жатат


НАТО чалгын маалыматы жана чалгын жабдыктары менен көмөк көрсөтүп жаткандыгын бышыктады. Козголоңчулар Триполиге шейшембиде басып киргенден бери өлкөнүн жол башчысы Муаммар Каддафинин кайда экени белгисиз. Аны кармагандарга бир миллион 700 миң доллар берилээри жарыяланды.

Британиянын тышкы иштер катчысы Уиллиам Хааг Каддафинин күнү бүттү деп ырастады:

- Каддафинин режими кыйрады. Ага бийликке кайтууга эми жол жок. Бул режимдин мартабалуу мүчөлөрүнүн көбү азыр качып жүрөт. Бирок Каддафинин куралдуу күчтөрү айрыкча Триполинин түштүгүндө, Сирте шаарынын айланасында дале каршылык көрсөтүп жатышат. Карапайым калкка коркунуч сакталып кала берсе, НАТОнун операциялары да уланат.

XS
SM
MD
LG