Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Apple компаниясынын башчысы кызматтан кетти


Стив Жобс Apple чыгарган жаңы iPhone менен Сан-Францискодогу дүйнөлүк конференцияда. 2010-жылдын 7-июну.
Стив Жобс Apple чыгарган жаңы iPhone менен Сан-Францискодогу дүйнөлүк конференцияда. 2010-жылдын 7-июну.

Дүйнөдө Macintosh компьютерлери, iPod, iPhone жана iPad продукциялары менен таанылган Apple технологиялык компаниясынын башчысы Стив Жобс кызматынан кетти.

Жобстун кетип жатышы тууралуу кабар бүгүн дүйнө жүзү боюнча социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында эң алдыңкы саптарга чыкты.

Эми Apple ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Стив Жобс директорлор кеңешинин төрагасы катары иштейт. Ишкананын кийинки башкы директору ким болоору азырынча белгисиз. Жобс өзү башкы директорлукка компаниянын соода бөлүмүн көзөмөлдөгөн Тим Кукту сунуштады.

Стив Жобс ишкананы активдүү башкаруудан кетээрин мурдатан эле айтып жүргөн. 56 жаштагы Жобс бир нече жыл мурун бооруна операция жасатып жаткан кезде, уйку безинде рак клеткалары табылган. Ал январь айынан тарта ачыкталбаган себептер менен эмгек өргүүсүндө да жүргөн.

Жобс дүйнө жүзү боюнча эң ийгиликтүү комапаниялардын бирин жараткан адам катары белгилүү. Бүгүн Жобс Apple ишканасынын директорлор кеңешине кат түрүндө кайрылып, кызматынын өз ыктыяры менен кетти. Катта “Мен эгер директор катары иштей албасымды сезсем, ошол замат кетээримди жана бул тууралуу биринчи силерге кабар берээримди ар дайым айтып келгем. Аттиң, бирок ошол күн келди”, - деп жазган Жобс.

Технологиялык тармактагы адистер Жобстун мүнөзү жана ишке берилгендиги Apple технологиялык компаниясынын ийгилигинин эң негизги булагы деп эсептешет. Жобстун күйөрмандарынын арасында анын харизмасы жок ишкана мындан ары ийгиликке жетпейт деген пикирлер жолугат. Бирок жалпысынан алганда, серепчилер ишкана жабыркабайт деген ойдо.

Гонконг шаарында электроникалык аспаптар боюнча адис Марк Ньюман мындай дейт:

- Менин пикиримде, аз убакытта ири өзгөрүүлөр деле болбойт. Албетте, коркуу сезими пайда болушу мүмкүн. Бирок Стив Жобс негизги өзгөрүүлөрдү, идеяларды ишке ашырды жана система иштей берет.

Инвесторлор Жобстун кетишин түрдүүчө кабыл алып жатат. Баалуу кагаздар базарларында ишкананын акциялары 7 пайызга арзандай түштү.

Британиялык жазуучу Тони Парсон “Стив Жобс биздин доордун Леонрадо да Винчиси” деди. Google компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт болсо Жобсту “Американын тарыхындагы улуу лидерлердин бири” деп сыпаттады.

Сиднейде Apple продукцияларын саткан Клайв Олкок өзүнүн мурадгы башкы директору тууралуу мындай ойдо:

- Анын компьютерлер дүйнөсүндө калтырган изи шексиз, бирок анын кетиши ишканага акчалай түрдө таасир бербейт деп ишенем.

Жобс буга чейин да ден-соолугу тууралуу элге чыгып сүйлөгөн. Жобс мурда дагы бир жолу рак менен ооруп, андан сакайып кеткен эле.

- “Жакында өлөм” деген ой эң ири тандоолорду жасаганга жардам берди. Себеби өлүмдүн жүзүнө салыштырмалуу башка коркунучтар артта калат.

Рак оорусу анын жашоосун буга чейин өзгөрттү эле, бул жолу ал илдетти жеңе алабы?

- Эч ким өлгүсү келбейт. Бирок биз баарыбыз ал жерде болобуз. Эч ким өлүмдөн качып кутулган эмес. Жана өлүм албетте болуш керек. Ал жашоону өзгөртчү жараян. Ал жашоону эскиден арылтып, жаңыны алып келет.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG