Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Отунбаева: Базанын тагдыры "Түндүк маршрутуна" байланган


"Ооганстандагы антитеррордук операцияларга жүк "Түндүк маршруту" аркылуу - Орусия, Казакстан жана Өзбекстан аймактары аркылуу ташылат жана бул жолдон көргөн пайдалары Бишкектеги "Манас" жүк ташуучу борбордон түшкөн пайдадан кыйла көп", - деди "Азаттыкка" маегинде Кыргызстан президенти Роза Отунбаева. Анын оюнча, он жылдан бери Кыргызстандагы эле база баарынын көзүнө оркоюп көрүнүп келатат. "Бул геосаясый оюн, кичинекей деп, Кыргызстанга гана асылышат. Курал, азык-түлүк ошол эле Орусиянын темир жолу аркылуу ташылат, пайдасын көрүп жатышат. Кыргызстан да өз пайдасын көрүп жатат. Качан ал жакта токтойт, бизде да ошондо токтойт деген мааниде мамиле кылышыбыз керек", - деп белгиледи Кыргыз мамлекет башчысы.

XS
SM
MD
LG