Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Таласта мэрди шайлоо митинг менен коштолууда


Дубандагы кабарчыбыздын билдиришинче Талас шаардык мэриясынын имараты алдында буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Серен Шейшеновдун тарапташтары митингге чыкты. Алар 7-апрелден кийин кызматка олтурган Шейшеновдун талапкерлиги бул шайлоодо жылдырылбай калгандыгына нааразылык билдиришүүдө. Митингге чыккан адамдар саны 150 чакты экендиги кабарланды.

Эске салсак, бүгүн 17 шаарда жергиликтүү кеңештер мэрлерди шайлап атышат. Талас шаары боюнча мэрдик кызматка Айдарбек Жусупбеков жана Анарбек Кушубаковдун талапкерлиги жылдырылган.

Мыйзамга ылайык, мэрлер шаардык кеңеш депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Талапкерлерди жылдыруу укугу жергиликтүү кеңеш жана өкмөт башчыда болот.

Соңку маалыматтар боюнча Таласта Айдарбек Жусупбеков мэрликке өз талапкерлигин алып салып, Кушубаков үчүн жашыруун добуш берүү жүрүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG