Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

ЖК төрагасы Ысык-Көлдө иш сапары менен жүрөт


Бүгүн Жогорку Кеңеш төрагасы Акматбек Келдибеков баштаган депутаттардын тобу Тоң районунун кайрадан оңдолуп курулган Манжылы-Ата мазарынын ачылышына болду. Иш чарага депутаттар: Ширин Айтматова, Дастан Бекешов, Дастан Жумабеков, Азиз Суракматов, Жаныш Кудайбергеновдор катышты.

Жергиликтүү тургундар депутаттардан аймактагы таза суу маселеси боюнча кайрылып, ага жардам болоору тууралуу убадаларды алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.

Учурда Төрага Акматбек Келдибековдун иш сапары Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда уланууда. (EK)

XS
SM
MD
LG