Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

"Барселона" УЕФАнын Суперкубогун кайра утту


Испаниянын Барселона шаарынын “Барселона” футболдук клубу Европанын суперкубогу үчүн болгон таймашта Португалиянын “Порто” командасын 2:0 эсебинде утту. Европа футболдук ассоциациясы - УЕФАнын кубогу үчүн беттешүү Монакодо жума күнү өттү. Топторду португалиялыктардын дарбазасына Лионел Месси 39-мүнөттө жана Сеск Фабрегас 89-мүнөттө киргизди. Ошентип, “Барселона” Суперкубок үчүн мелдешке сегизинчи жолу катышып, Европанын футбол тарыхында жаңы рекорд койду. Ошондой эле каталаниялык футболчулар Суперкубокту өз тарыхында төртүнчү жолу жеңип алды.

XS
SM
MD
LG