Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

АКШ: Ураганга байланыштуу 2 млн. адам көчүрүлөт


АКШ бийликтери “Айрин” ураганына байланыштуу өлкөнүн чыгыш жээгинен 2 миллиондон ашуун адамды шашылыш көчүрүүнү буйруду. Саатына 150 чакырым ылдамдык менен жүргөн ураган бүгүн Түндүк Каролинанын жээгине, андан соң Вашингтон, Нью-Йорк жана Бостонду көздөй жылат деп күтүлүүдө.

Нью-Йорктун мэри Майкл Блюмберг “Айрин” ураганы жакындап келатканга байланыштуу шаардын деңиз боюндагы райондорунун калкын мажбур көчүрүү зарыл экенин билдирген жума күнү.

- Биз мурда эч качан мажбур эвакуация жүргүзгөн эмеспиз. Ураганды олуттуу кыйроолорду алып келчү табигый кырсык деп эсептебесек, азыр да бул чарага барбайт элек. Ал бизге жетпей калса же жеңил желпи тийсе жакшы болмок. Бирок биз табият энеге ишене албайбыз. Биз жаманга даяр болуп, жакшыдан үмүт этели.

Бүгүн ишемби күнү Нью-Йоркто коомдук транспорт иштебейт жана шаардын жапыз райондорунан 300 миңдей адам эвакуацияланат. АКШнын аэропортторунан 6 100 каттам учпай токтотулду.

XS
SM
MD
LG