Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Аба ырайы: шашылыш билдирүү


29-августтан, 1-сентябрга чейин нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. 30-августта айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27 градус жылуу. Талас облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 градус жылуу.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27 градус жылуу. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус жылуу. Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23 градус жылуу.

Бишкекте 30-августта жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11.. 13, күндүз 24... 26 градус жылуу болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG