Ордолуу Ташкен менен байыркы Самарканд шаарынын ортосунда тез жүрчү поезд жүрө баштады. Өзбекстан мамлекеттик темир жол компаниясына шилтеп, "Фергана. Ру" сайтынын кабарлашынча, саатына 250 чакырым ылдамдыкта жүрчү поезд Ташкенден Самаркандга 2 саатта жетет. Кадимки поезддер бул аралыкты төрт саатта басат. Жаңы темир жолду курганга 170 миллион доллар сарпталды.