Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:32

Козголоңчулар Каддафинин ата жайына жакындоодо


Ливиялык көтөрүлүшчүлөрдүн күчтөрү Муаммар Каддафинин кичи мекени Сирте шаарына жакындашууда. Командирлердин бири анын күчтөрү Сиртеге чыгыш тараптан 100 чакырымда турганын, башка козголоңчулар шаарга батыш жактан жакындап баратканын билдирди. НАТОнун маалымдашынча, альянстын учактары Жер ортолук деңизинин жээгиндеги шаарга үч күндөн бери сокку урууда. Серепчилердин айтышынча, адаватчылар үчүн Сиртени алуу стратегиялык жана моралдык-символикалык жактан маанилүү.

Жекшемби күнү адаватчылар Каддафинин бийликти өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун четке кагышкан.
XS
SM
MD
LG