АКШлык прокурор Косоводогу адам органдарынын аткезчилин тергейт. Жон Клинт Уилямсонду Косоводогу атайын тергөө тобунун башчысы кылып Европа Биримдигинин мыйзам эрежеси ((European Union's Rule of Law (EULEX)) боюнча Косоводогу миссиясы дайындады. Адамдардын органдарын мыйзамсыз жолдор менен сатууга премьер-министр Хашим Тачи башынданы даражалуу өкмөт адамдарынын катыштыгы бар деп шектелүүдө. Тачи 1998-99-жылдарда Сербиянын күчтөрү менен согушта Косово боштондук армиясынын командири болгон. Ал башындагы адамдар туткун сербдердин органдарын сатканы тууралуу мурдакы шевейцариялык прокурор Дик Марти былтыр декбарда Европа Кеңешине даярдаган докладда маалымдалган. Уилямсон азыр БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун эл аралык юридикалык нормалар боюнча кеңешчиси.