Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мамлекет башчы Роза Отунбаева 1-сентябрда Кытайга жөнөп кетет. Президент сапарында Үрүмчүдө боло турган Эл аралык көргөзмөгө катышып, Кытайдын жана Шиңжаң-Уйгур автономиялуу республикасынын жетекчилери менен жолугушат.
Ошондой эле сентябрь айынын орто ченинде Кытайга өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев барары күтүлүүдө. Өкмөттүк басма сөз кызматынын башчысы Кадыр Токтогуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, премьер-министр Кытайдын Далянь шаарында өтө турган экономикалык форумга катышып, мындан тышкары коңшу мамлекеттин башчылары менен жолугушат.
Анда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу сөз болушу ыктымалдыгын Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь кечээ маалымат жыйынында билдирген.(ZKo)