Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Вашингтон: Абхазиядагы шайлоо легитимдүү эмес


Кошмо Штаттары Грузиянын сепаратисттик Абхазия чөлкөмүндөгү шайлоону мыйзамсыз деп сыпаттады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Виктория Нуланддын айтымында, АКШ 26-августта Абхазиядагы шайлоо делинген өнөктүктүн легитимдүүлүгүн жана жыйынтыгын тааныбайт. Ишембидеги добуш берүүдө Абхазиянын президенти болуп россиячыл саясатчы Александр Анкияба шайланган. Абхазия Грузиядан 1990-жылдардагы согуштан киийн бөлүнүп кеткен. Бирок анын көз карандысыздыгын Москва жана Грузия менен Россия ортосундагы согуштан киийн бир ууч мамлекет тааныган.

XS
SM
MD
LG