Мусулмандардын Орозо Айт майрамы экенине карабай Сирияда бийликке нараазы болгон демонстранттарга каршы аскердик операциялар улантылууда. Сириялык укук коргоочулар тобунун маалыматына караганда, Дераа, Хомс шаарларында жана Дамасктын айланасында аскерлер ок чыгарышкан. Анда бери дегенде 7 киши каза тапкан.
БУУнун маалыматында жарым жылдан бери уланып жаткан бийликке нараазылык толкундоолордо 2200дөй киши өлүп, миңдейи камакка алынып кыйноолорго тушуккан. Эл аралык коомчулук улам Сириядагы кыйноолорду токтотууну талап кылып жатышат.