Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Мобилдик байланыш боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн алдыда


Акыркы он жыл ичинде Кыргызстандагы мобилдүү байланыш секторунун өсүшү 88% түзгөн. Бул тууралуу кечээ Эл аралык электр байланыштары биримдигинин башкы катчысы Туре Хамадун билдирди. Анын айтуусунда, бул көрсөткүч КМШ өлкөлөрү боюнча эң алдыңкы. Ошол эле учурда Кыргызстанда алыскы 140 айылга телефон байланышы жетпейт. “Кыргызтелеком” ишканасынын башчысы Аскар Баратбаевдин маалыматы боюнча, байланыштын CDMA-450 стандартын ишке киргизүү менен алыскы тоолуу аймактардагы айылдарды телефондоштуруу жана интернет жеткирүү аракеттерин ишке ашыруу тездетилип жатат.

Кыргызстанга уюлдук байланыш 1995-жылы кирген. Ушул тапта өлкөнүн байланыш базарында бир нече мобилдик операторлор иштейт. 2010-жылы кыргызстандыктар жалаң мобилдик байланыш үчүн 12 млрд. сом короткону белгилүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG